Turmush — Медина Узакова билим жана илим кызматкерлеринин Жумгал райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин Медина Узакова Айып Идинов атындагы орто мектебинин директору болуп эмгектенип келген.
Жумгал райондук кесиптик уюмдун төрайымы Бегимкан Жамантева уставдын негизинде 65 жаш куракка чыккандыктан кызматын өткөрүп берди жана кезексиз пленум өткөрүлдү.
Райондук пленумга Билим жана илим кызматкерлерининин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары менен борбордук комитеттин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы жана Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Руслан Садыр уулунун катышуусунда болду.
Пленумдун жүрүшүндө профсоюз кыймылынын мыктыларына Борбордук комитеттин ардак грамотасы, кесиптик бирликтин мыктысы төш белгилери ыйгарылды.
Медина Узакова 26-январь 1985-жылы Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында туулган.
Билими:
- 2002-2008-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен география мугалими адистигине ээ болгон;
- 2016-2018-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен менеджмент багыты боюнча магистр.
Эмгек жолу:
- 2007-жылдын октябрь айынан 2010-жылдын октябрь айына чейин Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинин география мугалими;
- 2010-жылдын октябрь айынан 2011-жылдын ноябрь айына чейин Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинин сабактан тышкаркы иштери боюнча директордун орун басары;
- 2011-жылдын ноябрь айынан 2016-жылдын декабрь айына чейин Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
- 2021-жылдын сентябрь айынан 2025-жылдын апрель айына чейин Айып Идинов атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору болуп иштеп жаткан.
Сыйлыктары:
- 2009-жылы Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы;
- 2012-жылы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы;
- 2012-жылы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы;
- 2013-жылы Билим ордо мугалимдер фондунун «Менин сүйүктүү мугалимим» наамындагы алтын медалынын ээси болгон;
- 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасына ээ болгон.
Үй-бүлөлү, 2 уулдун апасы.