Turmush — Шопоков шаарынын мэри Адылбек Бекболотов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугуп, шаардын суу системасын толугу менен жаңыртуу долбоорун ишке ашырууну талкуулады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жоолугушууда таза суу долбоорлорунун жетикчиси Акиро Худо гранд жана насыялык каражат даяр экенин айтып, Шопоков шаарынын долбоору жактырылгандыгын маалымдады.
Шаар мэри банктын өкүлдөрүнөн керектүү иш кагаздарын жана техникалык-экономикалык негиздеменин даярдалышын тездетип берүүнү суранып, шаар мэриясы тарабынан керектүү иш- аракеттер өз убагында жана так аткарыларын убада кылды.
Мэриянын маалыматы боюнча, таза суу боюнча 2500гө чукул абонент бар. Буга чейин капиталдык оңдоо иштери өткөрүлгөн эмес. Бирок, утурумдук оңдоо иштери жасалып келген. Таза суу системасы 1980-жылдары курулган.