Turmush — Чүй облусунун Шопоков шаарында Улуттук тазалык күнүндө 500гө жакын киши ишембиликке катышып, бир күндө 16 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу шаардын мэри Нурадил Станов билдирди.
Иш-чара КР президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 5-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жарлыгынын негизинде өткөрүлдү.
Ишембиликке Шопоков шаарынын аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканалар, мектептер, мэриянын кызматкерлери жана тургундар катышты.
«Шопоков — Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын техникалары менен 16 тонна таштанды чыгарылды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.