Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын жаш спортчулары Таэквондо боюнча Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды алышты. Бул тууралуу Шопоков шаардык мэриясынан билдиришти.
Мелдешке 7 өлкөнүн спортчулары катышып, Д.Шопоков атындагы спорт клубунун тарбияланучулары Шопоков шаарынын атынан барышты.
Жыйынтыгында:
Алина Галкина 10-11 жаштагы кадеттер арасында 35 кг салмак категориясында 1-орунду;
Вероника Бутова 10-11 жаштагы курсанттар арасында 40 кг салмак категориясында 2-орунду;
Артем Мамонов 10-11 жаштагы кадеттер арасында 35 кг салмак категориясында 2-орунду;
Канат Жураев 18 жаштан жогоркулар арасында 64 кг салмактык категориясында 2-орунду алды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.