Turmush — Кечээ, 1 июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Сокулук районунун Шопоков шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн акча бөлүнүп, жергиликтүү өспүрүмдөргө футбол мелдеши уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул мелдеште бардык командалар байгелүү орундарга жана сыйлыктарга ээ болушту.
Ошондой эле Шопоков шаарынын мэриясы Сокулук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иштеген үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө белектерди тапшырды. Балдардын дарылануусуна мэриянын бюджетинен акча бөлүнүп берилди. Шопоков шаарынын борбордук аянтында аниматорлордун катышуусу менен майрамдык иш-чара өткөрүлүп, шаардын маданият үйүндө балдарга мультфильм көрсөтүлдү.