Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын мэриясынын бюджетинен социалдык контракттын негизинде 4 үй-бүлөгө 100 миң сомдун сертификатын тапшырылды. Бул тууралуу шаар мэри Нурадил Станов билдирди.
Анын айтымында, сертификаттарды тапшыруу аземи кечээ, 19-июнда болду. Иш-чарага район жана шаар жетекчилиги катышты.
«Өкмөттөн бир нече үй-бүлөгө социалдык контракттын негизинде акча тапшырылып келген. Ал эми жергиликтүү бюджеттен былтыр 4 үй-бүлөгө, быйыл 4 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бердик. Алардын бири ширетүү цехин ачса, калган үч жаран тигүүчү цехин ачып иштетүүдө», - деди мэр.
Социалдык контракт деген эмне?
Социалдык контракт — бул аз камсыздалгандыгы боюнча ай сайын жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн жаңы түрү. Аз камсыздалган үй-бүлөнүн каалоосу боюнча социалдык өнүгүүнүн аймактык органдары менен өз ара милдеттенмелер тууралуу макулдашуу түзүп, жөлөк пулдун жылдык же жылдык суммасынан 75% алса болот. Бул каражат мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүнү же майда ишкерликти өнүктүрүүгө жумшалса болот. Социалдык контрактка катышууну каалаган ар бир үй-бүлө социалдык адаптация программасын иштеп чыгып, аны социалдык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу жана көмөгү менен ишке ашырат.
«Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун бекемдөө» долбоору Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банктын тобуна кирет) тарабынан 30 млн долларга (кредит) каржыланган.
Кредиттик каражат 38 жылга 1,25 бир жылдык үстөк пайыз менен берилген.
Социалдык контракттын сунушталган стратегиясы республика жана Бишкек шаары («Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар) боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталган. Социалдык жардам социалдык келишимдин негизинде 100 000 сом өлчөмүндө берилет.