Turmush — Лейлек районунда жарандарды алдоо жолу менен ири өлчөмдө мал-мүлкүн ээлеп алуу фактысы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында Лейлек РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү жаран кармалды.
Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Раззаков шаарынын 36 жаштагы тургуну У.И. жарандардын ишенимине кирип, “акчасын кийин берем” деген шылтоо менен бодо малдарды алып кетип, бирок акчасын төлөбөй жүргөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул жаранга карата 5 арыз катталып, кошумча жабырлануучулар да кайрылып жатканы маалым болду. Тергөөнүн алкагында тиешелүү иш-чаралар улантылууда.