Turmush — Токмок шаарында окуучу кыздын зордукталышы жөнүндөгү маалымат иликтенип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Чүй ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, 10-апрелде Токмок ШИИБге билдирүү келип түшкөн. Анда Токмок шаарындагы мектептердин биринде 2012-жылы туулган Ж.Н. аттуу окуучу кыз ошол эле мектептин 21 жаштагы физик мугалим А.А. тарабынан зордукталганы жөнүндө маалымат берилген. Аталган маалымат каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иш козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган мугалим А.А. кармалып, 2 айга камакка алынган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Ал эми жергиликтүү тургундардын айтымында, Токмок шаарындагы бул мектепте окууган 1 окуучу асынып каза болсо, дагы бир окуучу реабилитациядан өтүп жатат.
«7-апрель күнү жашы окуучу кыз мугалим тарабынан кордолгон окуя катталган. Ал эми милиция бул окуя тууралуу 10-апрелде билген. 3 күн укук коргоо органдарына айтпай жашырышканы табышмак болуп жатат. Учурда окуучу реабилитациядан өтүп жатат. Шектүү кармалган, иликтөө жүрүп жатат. Бирок мектептин администрациясы жана бул мектепти караган укук коргоо органдарына эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул мектепте зомбулук биринчи эле болуп жаткан жок. 14-апрель күнү ушул эле мектепте окуган дагы бир окуучу үйүндө асынууга аракет кылган», - деди алар.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, бул 2 иш тең облус жетекчилигинин көзөмөлүндө.
«Бул 2 иш боюнча мамлекеттик тиешелүү органдар тарабынан оперативдүү иштер жүргүзүлдү. Балдардын укугун коргоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп, облус жетекчилигининин жеке көзөмөлүнө өттү. Негизи эле зомбулуктун алдын алуу боюнча ар кыл иш-чаралар байма-бай өтүп келе жатат» - деп айтылат маалыматта.